www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү жана илим министрлиги “Ай Кью” окуу-тарбия комплексинин 10-11-класстын программасын бир жылда окуп, өздөштүргөн 84 окуучуга жалпы орто билими жөнүндө аттестаттарды берүүгө уруксаат бербей талаш-тартыш жаралып жатат.

Келип-келип эле окуучулар ортодо аттестат ала алышпай чайналып, Билим берүү министрлиги менен "Ай Кью" жеке менчик окуу комплексинин ортосунда "курмандык" болушууда. Натыйжада, окуучулардын ата-энелери Билим берүү министрлигине келишип, министр Каныбек Иманалиевден маселенин себептерин өз оозунан угалы дешсе, алардын үнүн уккан жан болгон жок.

Министр Иманалиев ата-энелерге, окуучуларга чыгып маселени чоо-жайын түшүндүрүп койгондун ордуна, жолукпай тоготпой койду. Мына кыйратат деген министрдин кылыгы. Текеберленбей, жолугушуп мыйзам чегинде маселе кандай чечилиши керектигин, эгер эки жылдык окуу программасы бир жылдык окууда өздөштүрүлгөн учурда экстернат формасында билим алган окуучулар айыптуубу, же "Ай Кью" жеке менчиги мыйзамды бузуп кандай махинация жасаган, 84 окуучу кайра бир жыл 11-класстын программасын окушу керекпи, ачык айтыш керек болчу, ийинине жашынган суурча бекинбей.

Негизи эле, Иманалиев жүргөн жерде чөп чыгышы кыйын. "Учкун" ишканасынын талкалагандардын бири, эми эле оңолуп кетти деш кыйын.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости