www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Украина эгемендигин жоготкондуктан, өлкөдөгү кагылышуу АКШ каалаганда токтой турганын Kossuth радиосуна билдирген.

"АКШ кааласа, эртең эле тынчтык болот. Ал эми "АКШ эмне үчүн каалабайт?" деген суроо бүт дүйнөнү ойлонтуп жатат. Украина иш жүзүндө эгемендигин жоготту: анын акчасы, аскердик өнөр жайы, өзүнүн аскердик өндүрүштүк кубаттуулугу жок. Украина акчаны негизинен АКШдан, аскерий каражатты да америкалыктардан жана батыштан алат", - дейт венгриялык саясатчы.

Анын пикиринде, эгер Вашингтондогулар тынчтыкты каалап жатканын айтып, ок атышууну токтотууга жана сүйлөшүүгө чакырса, бул эртеси эле ишке ашмак.

"Эмне үчүн АКШ тынчтыкты каалабайт... Биз бул суроого НАТОнун саммитинде да жооп ала алган жокпуз", - деп сөзүн жыйынтыктайт Орбан.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости