www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Жердин битиндей болгон Ибраев Акыл Жапаров  үкөсынын этегенине жармашкан бойдон эптеп энергетиканы чала-моңол эптештирип келатат.  Эмне айла кылат башка иш колунан келбесе, учурунда коррупционер Ширшовдун этегине жармашып жүргөн бул чалакайым эми да эбин тапты. Энергетика тармагында абал оор. Электр энергиясы азыртадан эле өчүрүлүп баштады. Кышында элдин абалы кантет айтуу кыйын. 

Ибраев министр болгону өзүн гана ойлоп, элге түкүрүп да койбойт. Быйыл Токтогулда суу өтө эле аз. Бар болгону 12 миллиард куб суу араң топтоло турганы айтылды. Бул дегендик электр энергиясын график менен өчүрүү орун алат дегенди билдирет. Антпесе, кышында кыйын болсо эки ай электр энергиясын тынымсыз өндүрүү орун алса, үнөмдөө болбосо суу нормадан кыйла төмөндөп, өлүк чекке жетиши мүмкүн. Мындай абалга жетти дегенче Токтогул ГЭСтин агрегаттары иштен чыгаары турган иш. Ошол себептен, быйыл ар төрт саат сайын свет өчөөрү күтүлүүдө. Ошондо, бир суткада 12 саат электр энергиясы берилбеши ыктымал. 

Энергетика министри Таалайбек Ибраев бул кыштан элдин жарыгын өчүрбөй кантип алып чыгат белгисиз. Ал кышты ойлоп да койгон жок, андан көрө Акыл Жапаров Минкабдын төрагалыгынан түшпөй турушун көбүрөөк ойлойт. Жай саратанында эле Орусиядан бери электр энергиясын импорттоп алып жатабыз, кышта бербей койсо кантебиз? Азырынча, жайында сууну болушунча алышкан Казакстан, Өзбекстан, кышында электр энергиясынан кандай кылып жардам беришет бүдөмүк. Кандай сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын эч ким билбейт. Кокус, өзүбүздө тартыш деп бербей коюшса кандай болот? Элге эле түшкөн азап эмеспи...

Заман ушундай министр Ибраев энергетикалык коопсуздук, кышка даярдык тууралуу элге маалыматты жаап жашырбастан ачык айтышы милдет. Абал оор болсо, азыртадан элге кышка даярдык көрүү тууралуу кулактандыруу абзел. Тоок туурунда какылыктайт болуп, кылычын сүйрөп кыш келгенде, "Биз билген эмес элек, анан минтип ойлогонбуз, бул жактан электр сатып алмакпыз, болбой калды, ал эле, бул эле опийимдин гүлү эле" деген шылтоолорду айтканда кеч болуп калат. 

Мына Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборуна бир тоголок көмүр түшө элек. Казакстан менен көмүр ташып келүү боюнча келишимден кабар жок. Айтор, күзгү-кышкы даярдык тууралуу бийлик үн катпай билмексен. Мындай кайдыгер, жоопкерчиликсиз мамиле жакшылыкка алып барбайт.

Чындыгына келсек Ибраевге эмне, бир тоголок көмүр түшкөндүн, себеби анын үйүнө КАМАЗдап көмүр түшүп жатпайбы?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости