www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын курама командасы киберспорттук DOTA 2 боюнча чемпионатка чыкты. Бул тууралуу Компьютердик спорт федерациясынын башкы катчысы Баяман Саймасаев билдирди.

Маалыматка ылайык, Биринчилик Яссы (Румыния) шаарында 25-августтан 3-сентябрга чейин болот. Тажрыйбалуу оюнчулардан турган ата мекендик команда Индия, Австралиянын курама командаларын уткан. Беттеш Сауд Арабиясында өткөн.

Белгилей кетсек, Dota — компьютердик командалык-стратегиялык көп жайылган оюндардын бири. Оюнчулардын максаты — персонаждардын согуштук тажрыйбаларын колдонуп, душмандын чебин талкалоо. Defense Of The Ancients (Dota) "байыркыларды коргоо" деген маанини билдирет. Dota киберспорттун дисциплинасы болуп эсептелет.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости