www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шавкат Мирзиёев ант берип, Өзбекстандын президенти кызматына киришти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, инаугурация аземи өлкөнүн улуттук телеканалы аркылуу түз көрсөтүлдү.
Сенаттын чоң жыйындар залында парламентарийлерден тышкары, Борбордук шайлоо комиссиясынын жана өкмөттүн мүчөлөрү, Конституциялык соттун судьялары, жергиликтүү жана чет элдик массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышууда.
Салтанат башталар алдында парламенттин жогорку палатасынын залына Өзбекстандын президентинин штандарты жана белгиси киргизилди.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Зайниддин Низамходжаев 9-июлда өткөн кезексиз шайлоодо Шавкат Мирзиёев өлкөнүн президенти болуп шайланганын билдирди. Аны куттуктап, Мирзиёевге Өзбекстан Республикасынын президентинин күбөлүгүн тапшырды.
Андан соң шайланган мамлекет башчысы колун Конституция менен Куранга бир убакта коюп "Өзбекстандын элине ак ниет кызмат кылууга, республиканын Конституциясын жана мыйзамдарын так аткарууга, укуктарын кепилдикке алууга жана жарандардын эркиндиктерин камсыз кылуу, Өзбекстан Республикасынын Президентине жүктөлгөн милдеттерди абийирдүүлүк менен аткарууга салтанаттуу түрдө ант берем", - деди.
Белгилей кетсек, расмий маалыматтар боюнча, 9-июнда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо Шавкат Мирзиёев шайлоочулардын 87,05%, Робахон Махмудова 4,43%, Улугбек Иноятов 4,02% жана Абдушукур Хамзаев 3,74% добуш алган.
Булак: NazarNews.kg