www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ошто жаратылыш газын үзгүлтүксүз берүү үчүн жумуштар аткарылууда. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясы билдирет.
Белгиленгендей, акыркы күндөрү Кыргызстандын түштүк облустарында аба ырайынын шарттарына жана газ керектөөнүн өсүшүнө байланыштуу магистралдык газ өткөргүчтөрүндө басымдын төмөндөшү байкалууда.
Газдын тартыштыгынын негизги себеби - Өзбекстан кендеринин ресурстук базасынын төмөндөшү болууда. Акыркы жылдардагы тажрыйба көрсөткөндөй, жылдын суук мезгилинде орточо суткалык температура төмөндөгөн учурда Фергана өрөөнүндө газды керектөө кескин жогорулайт. Ош облусунун керектөөчүлөрү газ өткөргүчтөрүнүн акыркы, туюк түйүнүндө жайгашканын эске алсак, бардык категориядагы керектөөчүлөрдү жаратылыш газы менен камсыз кылуу үчүн басымдын жетишсиздиги байкалууда.
Газ өткөргүчтөрүндө авариялык кырдаалдарды болтурбоо максатында, ошондой эле бюджеттик уюмдарга, көп батирлүү үйлөргө жаратылыш газын берүүнү камсыз кылуу зарылдыгын эске алуу менен «Ошгаз» филиалы жүктөмдөр эң жогорку сааттарда отундун альтернативдүү түрүн пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон жеке сектордун керектөөчүлөрүнө газ берүүнү чектөөгө мажбур.
«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, тышкы ташуучу жана өзбекстандык кесиптештер менен ташып жеткирүүнү камсыздоо жаатында активдүү иштерди улантып, кырдаалды күнү-түнү көзөмөлдөп турарын билдирет.
Булак: NazarNews.kg