www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто жоголгон өспүрүм кыз Бишкектен табылды

Бишкектин Ленин райондук милициясы дайынсыз болуп жоголуп жаткан өспүрүм кызды аман-эсен таап беришти. Бул тууралуу аталган бөлүмдүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-декабрь күнү Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну арыз менен кайрылган. Арызда анын 15 жаштагы кызы ошол күнү Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келбегенин айткан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иш-чаралары башталган.

29-декабрь күнү өспүрүм кыз Бишкек шаарындагы "Ош базарынан" саат 20:00 чамасында табылган.

Учурда кызматкерлер толук тийиштүү иштерди аткарууда.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости