www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оштогу бала бакчада ата-бала көз жумду

Ош облусунда 40 жаштагы жаран 14 жаштагы баласы менен ууланып көз жумганын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-март күнү саат милицияга Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл аймагынын 1985-жылы туулган тургуну жана анын 2011-жылы туулган уулу ууланып каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыгып, тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштаган.

Анын жүрүшүндө күбөлөр суралып, Кашка-Суу айыл аймагынын 1985-жылы туулган тургуну жана анын 2011-жылы туулган уулу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин биринде от жагуучу жайда кошумча кубаттагычтан чыккан газга ууланып каза болгондугу маалым болгон.

Каза болгон жарандын атасы окуя боюнча эч кимге арыз-доосу жок экендигин билдирип, маркумдардын жансыз денелерин соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан. Учурда текшерүү уланууда, анын жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынат.

Последние новости