www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономикалык интеграциянын эки мисалын “ВТБ банкынын” президенти Андрей Костин атады.

Алгачкы Евразия конгрессинде сүйлөп жатып, ал банктар экономика менен интеграциянын локомотиви боло аларын белгиледи.

“Биздин банк Казакстандагы ири тоо-кен металлургия тармагындагы топ менен кызматташат. Биз каражат менен гана камсыздабастан, андан чопо сатып алып Тажикстанга жөнөтөбүз. Ошондой эле алюминий өндүргөн компанияны каржылап, ордуна даяр продукция алабыз. Товарды дүйнөлүк рынокко чыгарабыз”, — деди Костин.

Мындай жол менен ал Россия, Казакстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн ортосунда интеграция жүргүзүп жатканын айтты. Бул финансылык түзүмдөр ишке ашыра ала турган интеграциялык кызматташтыктын бир мисалы экенин кошумчалады.

“Ошондой эле биз Кыргызстандагы ири алтын кенине инвестор жана кредитор болуп бердик. Кеп “Жерүй” долбоору жөнүндө болуп жатат. Бул дагы финансылык институттар экономикалык өнүгүүсүнө салым кошо аларын көрсөткөн экинчи далил”, — деди банк жетекчиси.

Буга чейин адистер ЕАЭБди мындан ары өнүктүрүү үчүн эмне кылуу керектигини айтышкан эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости