www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Реформа партиясы БШКдан күрөөгө койгон 5 млн сомун дагы деле кайтарып ала элек. Бул тууралуу аталган саясий партия маалымдады.

Маалыматка ылайык, мурдагы бийлик жана 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңеш тарабынан бийликке жаңы күчтөрдүн келүүсүнө жолтоо кылуу максатында партиялардын парламенттик шайлоого катышуусу үчүн 5 миллион сомдук эбегейсиз чоң шайлоо күрөөсү киргизилген. Эске салсак, партия тарапташтарынын колдоосу менен краудфандинг жолу аркылуу бул күрөөнү чогултуп, шайлоого катышкан.

Партия тараткан билдирүүдө БШК алардын кайрылууларын карабай, ар түрдүү шылтоолор менен күрөөнү кайтарып берүүдөн баш тартып жатат. Ошондой эле, 28-ноябрда күрөөнү кайтарып берүүдөн расмий баш тартуу келгени маалым болгон. 

«Биз жеке пайдабызды көздөп бул каражаттарды алуу үчүн күрөшүп жаткан жокпуз. Шайлоо жөнүндө мыйзамга ылайык, бул 5 миллион сом аларды берген жарандарга жана уюмдарга кайтарып берүүгө жатат. Бизге бул күрөөнү чогултууга жардам кылгандардын ар бири бир сомуна чейин өз каражаттарын кайтарып алышат. Биз ушул каражаттарды кайтарып берүүнү талап кылабыз, анткени тарапташтарыбыздын алдындагы өз жоопкерчилигибизди сезип жатабыз, алар экономикалык кризис жана пандемия жүрүп жаткан өтө татаал учурда Реформа партиясына жакшы жашоо, гүлдөгөн Кыргызстанды куруу үчүн күрөшкө катышууга жардам катары өз каражаттарын бөлүп беришкен. Азыр бул каражаттарды мамлекет уурдап албоого тийиш, алар бүгүнкү татаал учурда адамдарга кайра кайтарылып берилүүсү кажет. 

Биз өз тарапташтарыбызга акчаларын кайтарып берүү үчүн сотко кайрылабыз жана мыйзамда каралган башка чаралардын баарын колдонобуз. БШКны жоопкерчиликти башка органдарга түртө салбоого, жарандарга каражаттарын кайтарып берүү боюнча мыйзамдуу жана адилеттүү чечим кабыл алууга чакырабыз. Бул силердин акчаңар эмес!», - деп жазылат кайрылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости