www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КРнын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева Талас облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө бир катар социалдык жана маданий объектилердин иши менен таанышып чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Вице-премьер-министр «Манас-Ордо» Кыргыз улуттук комплексине барып, Манас күнүнө арналган иш-чарага катышты.

«КРнын Өкмөтүнүн атынан мекендештерибизди «Манас» Эпосунун күнү менен куттуктайм. Адамзаттын тарыхында руханий күлазык чыгармалар бар.  Алсак, грек акыны Гомердин “Илиадасы” менен “Одиссеясы”, индус элинин “Махабхарат” дастаны, кытай элинин улуу философу Конфуцийдин эмгектери жана алардын катарында эң жогорку баскычта өзгөчө орунда “Манас” эпосу турат. Бирок “Манас” – дүйнөлүк маданияттын теңдеши жок океан адабий мурасы.

Дүйнөдөгү элдер өзүнүн байыркылыгын далилдеген ар түрдүү тарыхый, археологиялык жана архитектуралык байлыктары бар. Бирок “Манас” эмнеси менен уникалдуу? Ал кыргыздын гана жүрөгүндө жаралган жандуу өнөр! “Манас” – билимдердин сырдуу сандыгы, аны менен элибиз урпактарын кылымдар бою тарбиялап келген», – деди ал.

Жумушчу сапардын алкагында Эльвира Сурабалдиева Таш-Арык айылындагы орто мектепке барды.

Ошондой эле ал Көк-Ой айылындагы Үй-бүлөлүк медициналык борбордун иши менен таанышты. Медициналык мекеме 5 блоктон туруп, 160 орунга эсептелген.

Андан соң Эльвира Сурабалдиева Талас шаарындагы ветеринардык лабораториянын базасында түзүлгөн ПЧР-лабораторияга барды. Үстүбүздөгү жылдын 7-майынан 1-декабрга дейре COVID-19 боюнча анализдер Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун базасында өткөрүлгөн. Үстүбүздөгү жылдын 1-декабрынан тарта мобилдик лаборатория иш алып барууда.

Вице-премьер-министр Кара-Буура районундагы аймактык оорукананын, ошондой эле Манас районундагы дарыгерлердин практикалык борборунун абалы менен таанышып чыкты.

Мындан тышкары Эльвира Сурабалдиева «Чон-Капка – Автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктундагы карантиндик пунктту барып көрдү.

«Аймактар боюнча жумушчу сапардын жүрүшүндө медициналык мекемелердин COVID-19 илдетинин өсүү ыктымалдыгына карай даярдыгы, ооруканаларды тийиштүү жабдуулар, жеке коргонуу каражаттары жана тест-системалар менен камсыздоо деңгээли иликтенди», – деди ал.

Жумушчу сапардын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости