www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2-декабрда Талас шаардык сотунда пробация органы менен сот тутумунун өз ара кызматташуусу жана медиаторлордун ишин жакшыртуу максатында Талас шаардык сотунун төрагасы Дамир Суйналиев, судьялары Акылбек Турусбеков, Эсенбек Султанов жана Улуттук медиация борборунун Талас облусу боюнча директору Карагул Осмоналиев менен маалыматтык жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда катышуучулар пробация органынын жана медиация борборунун ишмердүүлүгү менен жакындан таанышкан. Ошол эле учурда, пробация органынын кызматкерлери, сот тутумунун өкүлдөрүнүн ортосундагы диалог түрүндө пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу темасына байланыштуу маселелер, соттолгон адам тарабынан коюлган пробациялык милдеттер бузулган учурда кандай чаралар колдонулаары, мурда белгиленген пробация көзөмөлдү бошотуу же толуктоо тартиби кеңири талкууланган.

Мындан тышкары, медиаторлордун ишмердүүлүгү боюнча маалымат менен таанышып, калктын медиация кызматынын артыкчылыктары жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу жана жарандарга жер-жерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жаралып жаткан көйгөйлүү маселелер ортого салынган.

Маалыматтык жолугушуунун соңунда катышуучулар мындан ары аталган маселелер боюнча биргеликте иш чараларды өткөрүү жөнүндө сүйлөшүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости