www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарына жакын аймактагы көрүстөндө 40 жаштагы аял 5 бала менен жашап жүргөнү аныктылды. Бул үй-бүлөнү ШИИБдин кызматкерлери «Лидер» рейдинин жүрүшүндѳ табышкан.

«40 жаштагы келин беш бала менен Ош шаарына чектеш жайгашкан Кызыл-Кыштак айылындагы Кылыч-Бурхан көрүстөнүндө мүрзө казгыч кызматкерлер жана жер казуучу куралдарды сактоо үчүн курулган бѳлмѳдѳ жашайт. Бара турган жери жок. Багып жаткан балдардын экѳѳ ѳзүнүн, үчѳѳ каза болгон эжесинин балдары», - деп айтылат Ош ШИИБдин басма сөз кызматынын маалыматында.

Такталган маалыматтар боюнча, анын багуусундагы мектеп курагындагы балдар Оштогу Бабур атындагы мектепте билим алышат деп билдирет Turmush басылмасы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости