www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулушундагы техникалык коопсуздук эрежелеринин жана курулуш ченемдеринин сакталышын көзөмөлдөө боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
Аталган иш-чаралар Кыргыз Республикасынын КР КЧ 12-01-2018 талаптарына ылайык жүзөгө ашырылууда. Текшерүүлөрдүн алкагында адам өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратышы мүмкүн болгон жагдайлардын алдын алуу, ошондой эле курулуш объекттеринде техникалык коопсуздукту камсыз кылуу максатында бир катар курулуш компанияларына расмий эскертүүлөр жана милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.
Алсак:
“ABC” ЖЧКсы - Ош шаары, Азиат көчөсү 27;
“Ош Курулуш компаниясы” ЖЧКсы - Ош шаары, Осконалиев көчөсү, 4А;
“Жеңиш Курулуш” ЖЧКсы - Ош шаары, Курманжан Датка көчөсү 262, 264, 266;
“Найман Ийгилик” ЖЧКсы - Ош шаары, Тилеке Баатыр көчөсү 4 даректериндеги курулуш объекттеринде коопсуздук талаптарын так сактоо боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш тармагындагы бардык субъекттерди белгиленген талаптарды так сактоого чакырат. Коопсуздук эрежелери бузулган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик карала тургандыгын эскертет.
Ошондой эле, көзөмөл иш-чаралары мындан ары да туруктуу негизде улантылып, курулуш объекттериндеги коопсуздукту камсыз кылуу багытында кошумча чаралар көрүлөт.