www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында өспүрүмдөрдүн ортосундагы жаңжал боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-июль күнү 2011-жылы туулган өспүрүмдүн ур-токмокко алынганы тууралуу милицияга арыз түшкөн. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө окуя өспүрүмдөрдүн ортосундагы пикир келишпестиктен улам чыккан жаңжал экени аныкталган. Окуяга тиешеси бар делген 1982-жылы туулган П. А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары уланууда.
 

Последние новости