www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мырзакматов бир жылдары Ош элин митингге баштап, эл ортосуна чыгып: "Урматтуу, калк, туугандарым, инилерим, сиңдилерим" деп сөзүнөн жаңылып алган. Кыргызда эркектер кичүү карындаштарын «сиңдилерим» десе өтө уят. Өзбектер «сиңдим» дешет,өзбек аялдары «саламалейкум» деп саламдашат.Кыргыз эркектери карындаштарын «сиңдим» десе, кыргыз аялдары «саламалейкум» деп учурашса өөн көрүнөт.

БШКнын эрке мүчөсү Искендер Гаипкуловдун кудасы Мелис Мырзакматов партиясы парламентке өтпөй калды. Анын менен кошо Оштун андан кийинки мэри Айтмамат Кадырбаев да бир мандаттуу округдан депутаттыкка өтпөй калды. Ошту уят кылбай Оштун экс-мэри Таалайбек Сарыбашов депутаттыкка «Ата-журт-Кыргызстан» партиясынан илээлешти. Шайлдабекованын шайы ооп калса керек, бул шайлоону Гаипкулов тейлегенсиди. Кийинчерек жылкыбаев чыга калып жылкыджай кишенегени болбосо. Шыбышка караганда ар бир парламенттик партиялар мандат үчүн катуу салгылашты.  Көпчүлүгүнүн көңүлдөрү кайрадан бир топ жылдан бери мекенине жолой албай эми шайлоого аттанган Мелис Мырзакматовго бурулуп жаткан. Мелис Мырзакматов өткөн шайлоолордо Ош Шаардык Кеңешине добуштардын көпчүлүгүн алып келген. Бирок, Атамбаевдик заманда  Ош Шаардык Кеңешине болгон шайлоодо анын мойнуна чалма ыргытылган. Андан мурун 2014 –жылы 15-январда Ош шаарынын мэрин алып бериш үчүн Атамбаев тарабынан жөнөтүлгөн «десанттар» Аалы Карашев, Тайырбек Сарпашев сыяктуулар Ош Кеңешинин Мырзакматов үчүн туруп бербеген ар бир депутаты менен жекеме -жеке сүйлөшүп, паралоочусун паралап, «аралоочусун» «аралап», ар бири сатып кетпесин деп окшош кийим кийгизип, Оштун мэрин кыстоо менен Мелис Мырзакматовдон тартып алып Кадырбаевге алып берген. Ак үйдү жал-жал караган Кадырбаевдин кадыры нөлдү карап эстакаданы кура элек жатып кээ бир жерлерин жарып, экинчи көпүрөнү ашасам дегенде эки көзү төрт эле, бирок аны  ошол кездеги бийлик «иттен чыгарып» Бишкекти көздөй айдап жиберген. Ошол бойдон Кадырбаев дайынсыз элге сиңип кетти.

Ошол кездеги бийлик Мелис Мырзакматовдон Ош мэрин тартып алган соң, анын үстүнөн кылмыш иштерин козгоп, 7 жыл менен бутун тушап койгон. Өткөн Ош Кеңешине болгон шайлоодо Мелис Мырзакматовдун бутуна кишен салып койгонуна эрдемсинип, «Улуттар Биримдиги» партиясынын бутун да биротоло тушап, Ошко жакшы мэр издеп жүрдүбү же ислам дини шариаты менен тыюу салган жинди суудан колу бошобой жаттыбы, ал кезде СДПК лидери БШКга бышкырып койгон жок да, өз партиясына Ош шаардык Кеңешине жол ачып берген. Мелис Мырзакматов куугунтукталган бойдон кала берген. Бүгүнкү шайлоодо Мелис Мырзакматовдун шансы азайып баратканы белгилүү болду.

Атамбаев өзүнүн жеке амбицияларын канааттандырыш үчүн эле эл ʏчʏн иштеп жаткан Мелис Мырзакматовду Ош мэринен «жыдытып», Сочиге жылт койгон. Ал эми суук кʏчѳп, ѳзбек тарап газ берʏʏнʏ азайтып, Ош шаарынын калкы сууктан ʏшʏп-шишигенде Сочиде жыргап жʏргѳн Атамбаевге кошуп, Ош кеӊешинин бийликке сатылып кеткен депутаттарын каргап олтурушту. «Койчуну таягынан, келинди аягынан» - дейт, ал эми Мырзакматовдун ордун бийликтин кʏчʏ менен тартып алган Айтмамат Кадырбаев каягынан экени белгисиз. Анын жетекчилик кызматы баштала элек жатып эл сууктан беймаза боло баштаган.

 2014-жылы 15-январда Оштун мэрине шайлоо болоор алдында Атамбаев административдик ресурстарды толугу менен колдонуп, Оштун «монстрларын» үгүт жүргүзүүгө толугу менен Ошко айдактай баштаган. Белгилүү «монстрлар» Сарпашев менен Карашев, кайдан-жайдан экени белгисиз, пайда болуп КТРКдан Мырзакматовду шыбай баштаган. Ал эми Бишкекте иштеген оштук чиновниктер тегиз «көмүскө» үгүт жүргүзүү үчүн «взвод», «взвод» болуп Ошко жөнөп Мырзакматовду алып түшүү үчүн чамына баштаган.

Айнып бараткан Атамбаев Айтмамат Кадырбаевди Ош мэри кылдырган. Коррупцияга каршы күрөшөбүз деп бийлик элдин алдында калп ураан чакырып жатканын дагы бир ирет далилдеди. Ошол мезгилдерде Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясы коррупцияга малынып, турак-жай куруу үчүн берилген курулуш материалдарын капчыгына уруп, урду-салды, эптеп курган турак-жайлары четинен эмитеден жараксыз болуп баратканы тууралуу мамлекеттик бийик органдарда талкууланып,ал эмес парламентте комиссия түзүлүп тыкыр текшерүүгө алынып жаткан. Бул боюнча ушул дирекцияга мурун жетекчи болгон экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин да тиешеси бар экендиги, кокус мойнуна коюлса аябайм, деп президент Атамбаев эл алдында айтып чыккан. Анан бул жердеги чуулгандуу иш бүтө элек жатып Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын жетекчисинин орунбасары Айтмамат Кадырбаевди бийлик жоктон тапкансып Ош шаарынын мэрине алып келишкен. Мейли, таза кызматкер болсо да бир жөн, ушул дирекцияда ыплас иштердин барын жасаган Айтмамат Кадырбаевди колдогон бийлик айнып, Оштун ошол кездеги мэри Мелис Мырзакматовго чоң энесин “Чым-Коргондон” көрсөтүшкөн. "Шыноого шылтоо"-дейт, Оштун мэри ошол кезде оппозицияны ойгото турган саясий оюн. Мелис Мырзакматов ал кезде зор кадыр-баркы менен бийлик алмашууга "детонатор" болмок, бирок Сооронбай Жээнбековдун келиши да кадыр-барк алып келген эмес. Жапаров бийликке келгенде Мырзакматов соттон акталып, партиясын Ош кеңешине өткөзүп алды. Бирок Жогорку Кеңешке депутатыкты алууда аксап, электоратын башкаларга алдырып жибергени белгилүү болду.

 Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости