www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык милициясынын кызматкерлери "Чөнтөкчү" аталышында социалдык ролик тартып, соцтармакка жарыялады.

Кылмышты алдын алууга багытталган роликке Октябрь РИИБдин милиционерлери тартылган. Анда коомдук транспорттон капчыгын жоготкон кыздын окуясы чагылдырылат. Мындай окуяга кабылган кыз милиция бөлүмүнө барып арыз жазат. Ал жерден ага ИИМдин каттоосунда турган жарандарды көрсөткөндө шектүүнүн жүзүн таанып калат. Андан соң милиция кызматкерлери чөнтөкчүнү кармап келишет.

Борбор калаанын милициясы кылмыштуу окуяларга кабылып же күбө болуп калсаңыз, жакынкы милиция бөлүмүнө же күнү-түнү иштечү 102 номерине чалууну эскертет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости