www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарынын Жапалак айыл аймагында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар дары-дармектерди арзандатуу менен сатып ала турган социалдык дарыкана ачылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин түштүк бөлүмүнүн өкүлдөрү, үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышты.
“Социалдык аптека” долбоорунун негизги максаты – калкты жеткиликтүү баада сапаттуу дары-дармектер менен камсыз кылуу.
1-2-категориядагы мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн дары-дармектерди сатып алууда 25% арзандатуу каралган; 3-категориядагыларга - 15% жеңилдик; пенсионерлер жана Кыргызстандын башка жарандары дары-дармектерди 10% арзандатуу менен сатып ала алышат.
Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын маалыматы боюнча, калаада 2 100 аз камсыз болгон жаран, 3 120 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашайт.
Эскерте кетсек, буга чейин социалдык дарыкана Сулайман-Тоо МАБында да ачылган. Алдыда калган бардык муниципалдык аймактык башкармалыктарда уюштуруу пландалган.
Булак: NazarNews.kg