www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Al Arabiya телеканалына маек куруп, Орусиянын Украинадагы атайын операциясы, санкция, дүйнөлүк азык-түлүк каатчылыгы боюнча суроолорго жооп бергенин РИА Новости жазды.

Төмөндө ТИМ башчысынын маегинин урунттуу учурлары берилди:

Россиянын Украинадагы атайын операциясы максатына жетери менен бүтөт;

Чет өлкөлөрдөн Киевге келип жаткан курал-жарактын баары Орусиянын бутасы. Анткени бул курал-жарактар өзүнүн калкына каршы согуш жүргүзүп жаткан режимге берилет;

Орусия менен Украинанын сүйлөшүүсү Киевдин ырааттуу позициясы жок болгондуктан токтоп калды;

Орусия Украинада жалданма аскер колдонбойт;

Орусия өзүн НАТОго согуш ачуу босогосунда турат деп эсептебейт. Анткени окуянын мындай өнүгүшү өзөктүк согуш тобокелчилигин жогорулатып жибермек;

Россия эч кимди өзөктүк согуш менен коркуткан жок. Бул боюнча сөздү Батыш өлкөлөрү баштап жатат;

Дүйнөдөгү азык-түлүк каатчылыгына Батыш өлкөлөрү Орусияны күнөөлөп жатат. Бирок ал бул жылы башталган жок. Аны Батыш тарабынан киргизилген санкциялар курчутуп жиберди.

Эгер Киевдин позициясы туруктуу болсо, Орусия менен Украина ортосундагы сүйлөшүү процессинде кыйла жылыш болуп, сезилерлик жыйынтык алып келмек;

АКШ менен анын союздаштарынын башка мамлекеттерди Орусияга каршы риторикага кошулууга мажбурлоосу алар жар салган демократиянын принциптерине дал келбейт, булар диктаторлор;

Москва эң маанилүү тыянак чыгарды. Орусия Батышка өзгөчө экономика, технология, азык-түлүк жаатында таянбайт;

Америкалык биолабораториялардын Украинадагы ишмердүүлүгү иликтениши керек;

Орусия менен Украина эли тынчтыкта жана жакшы коңшулук мамиледе жашайт.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Последние новости