www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шамен элди көбүнчө бир чекитке уютууга аракет кылган киши болгон. Ынтымакка, тынччылыка, эмгекке, адилеттүүлүкө чакырган. Караөзгөйлүккө барган эмес. Эмне үчүн Шамендин сөзүн ынта коюп, эл-журт уккан. Анткени, калыстыкты бетине кармаган, адамга жамандык жасаган эмес. Туңгуюкка кабылып турган калың элди ошол кыйынчылыктан чыгарып алуунун жолун издеп тапкан. Атылган октой жиксиз, учкан куштай күлүк убакыт. Анын башаты жок, учугун издеп кайдан табабыз? Соңу да жок, түбү да жок. Бизге чейин не билинип, не билинбей эчен доорлор өттү доңшуган кайберендей кайгуулап. Эчен кыйла кылымдар өттү кырдын кызыл түлкүсүндөй кылактап, не бир азем хандар өтпөдү бийлигинен кан тамызып ыраактап. Эчен деген кыргыз баатырлары өтпөдү өз өмүрүн сак-сактабай, эл үчүн жанын берип, эчендеген көчмөн эл чайпалып агылды өз доорунун шарынан кетип карбаластап. Кыргыздар менен жуңгарлардын ортосунда мамилелер 1697-жылдан Жунгарстанда бийлик башына келген Цеван Рабдандын тушунда айрыкча кайрадан кескин курчуп кетет. Кылым башында Жуңгар хандыгынын манчжурлар менен согушуп алсыраганын сезген кыргыздар калмактарга тарттырып жиберген жерлерин кайтарып алууга аракеттенишет. Кайрадан калмактар күчтөнүп, 1723-жылы Ысык-Көлдүн чыгыш тарабын Цеван-Рабдан каратып алган. Галдан Церен 1727-жылы 60 миң колдон турган жуңгар баскынчыларынын жаӊы чабуулуна туш болуп жеңилип калышат да, Теңир-Тоолук кыргыздардын бир бөлүгү Ферганага, Тажикстанга, казактардын кыйласы Бухара, Кожент, Самаркандга кире качат. Казак хандарынын ордо шаары Түркстан душмандардын колунда калган. Ошол кезде элде: «Казак кайың сааганда, кыргыз Ысар киргенде» - деген лакап сөз калган. Анткени кыргыздар Тажикстандагы Ысарга (Гиссар) качып, казактар ачарчылыкта кайыӊдын ширесин агызып ичип жан баккан экен. Калмак феодалдарынын баскынчылык саясатына кыргыздар коргонуу менен гана жооп берген жок. Ыгы келген жерде алар да чабуул коюп турган. Шамендин чоң бабасы Маматкул бий баштап барган кыргыз кошууну Кашкар тараптагы калмактарды талкалап, жеңиш менен кайтат. Калмактар менен кыргыздардын ортосундагы чоң согуш 1748-1749-жылдарга туура келет. Ал согушту негизинен кашкарлык кыргыздар жүргүзгөнү белгилүү. Адегенде Зайсан Доржи, кийин Лама Доржи башкарган жуңгар колу согушта жеңилип, көп аскеринен ажыраган. 1749-жылы калмактар кыргыздарга каршы 27 миӊ аскерин жиберген. Жортуул үч айга созулуп, кайрадан баскынчылардын жеңилүүсү менен аяктаган. Бул ири жеңиштер кыргыз-калмак мамилелеринин тарыхындагы бурулуш мезгилдин башталышы, чындыгы Ата Журтту баскынчылардан толук бошотуунун башталышы эле. Хандыктагы ич ара саясий ынтымактын бузулушу, ошондой эле кыргыз, казак, өзбектердин көз каранды эместик үчүн тынымсыз күрөштөрү Жунгар мамлекетинин алын кетирип салган. Бул мезгилде калмактарга каршы кыргыздардын күрөшүнүн башында Маматкул турган.
Байыркы көчмөн журттар санагында кошо катталып келген кыргыз журтунун маңдайына калмактар менен кармашуу доору деген тар жол, тайгак кечүү, кыйын кезеңди шыбага катары буюруптур. Кыргыздар муну да көтөрүп, буга да түткөн. Журт териси калың, бөтөнчө кыргыздардыкы далай шумдуктарды жон териси менен сезип, жон териси жукарбай, кындыр бели майышпай көтөрүп келди. Калмактарга, Чынгызхандын тукумуна каршы күрѳш, кѳп кылымдар боюу кыргыз баатырларын, айыгышкыс салгылашууга даярдап, бийлик башында жоокер инсандар ээлеп келген. Калмактардын жок болушу менен кыргызда жаӊы душман кытайлыктар пайда болушкан. Мурун биргелешип калмакка аттанышкан казак ак сѳѳк тѳрѳлѳрү эми жер басып алуу үчүн кыргызга аттанышкан. Бирок, кыргыз эли эч кимге баш ийишкен эмес.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ