www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМКнын тергөө абагында жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев ден соолугу начарлаганына байланыштуу ооруканага чыгарылды. Бул тууралуу Кыйноого каршы улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов “Азаттыкка” билдирди.
Анын айтымында, эл өкүлүнүн жүрөгү ооруган. Дарыгерлер ага аритмия, астма деп диагноз коюп, кан басымы көтөрүлүп кеткенин аныкташкан. Алардын чечими менен Артыкбаев Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборунда дарыланып жатат.
Бул боюнча маалыматты УКМКнын өзүнөн тактоого мүмкүн болгон жок.
Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге коррупция беренеси боюнча кылмыш иш козголуп, 5-июнда камакка алынган. Ал Бишкек Жылуулук электр борборунун айланасындагы жаңжалга байланыштуу айыпталууда - деп билдирди Азаттык.
Булак: NazarNews.kg