www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек ЖЭБиндеги чырга байланыштуу камалган Осмонбек Артыкбаевге чыгарылган сот чечими күчүнө киргенине байланыштуу ал депутаттык мандатынан ажыратылды.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 6-декабрында Бишкектин Свердлов райондук сотунда Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу сот өкүмү чыгып, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен күнөөлүү деп табылган. 2020-жылдын март айында Бишкек шаардык соту райсоттун өкүмүн дээрлик күчүндө калтырган.

Эске сала кетсек, Артыкбаев 2015-жылы КСДП тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости