www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Осмонбек бул күндөр да өтөт...

Ачарчылыкты, жокчулукту, Согушту башынан кечирген, токсон жаштын ырыскысына ортоктош болуп жаткан профессор Мира Ботбаеванын үйүнө барып калдык. Кептен-кеп чыгып отуруп азыркы абалга да кайрылууга туура келди. Учурдагы президенттин алгылыктуу иштерине токтолуп, келечекке карай айкын жол салынаарына ишеними бар экенин да кыйытты. Ошентсе да эл өкүлү катары далай жакшылыктарды элине арнаган Осмонбек Артыкбаевдин камалып калганына кабатырланып жатканын да эже жашырган жок. 90 жылдык мааракесин ушул депутат уюштуруп бергенине жетине албаганын, Осмонбек болбосо анчалык деңгээлде өтмөк эместигин ортого салды. Кандай болгон күндө да баары мыйзам чегинде тескелерине ишеними бар экенин айтып отурду.

Турмуштун оң, терс жактарын жакшы билген окумуштуунун сөзүнөн кийин акыл жүгүртүүгө ой агыздык. Акыйкатында эле Осмонбек Артыкбаевдин жердештерине арнаган ак иштери чексиз болуптур. Кайсыл учурда кыйынчылык жаралса кол сунууга даяр болгону, залкарлардын торколуу тойлорун өткөрүүгө ниетин бурганы, сыркоолоп калгандарга дары-дармекти бекер бердире салганы, өнөрлүү жаштарга демөөрчүлүк кылганы, акындардын китебин чыгарууга каражат аябагандыгы көз алдыбыздан чууруду. Жашоо-күрөш экени ырас. Кээде калпыстыктын курмандыгы болуп калгандар канча дейсиң?

Бул күндөр да өтөт, алтын баш аман болсо жаманчылыкты да жеңээрсиң деген нотада сөзүбүздү бүтүрөлү…

Б. Бузурманова

Булак: “Ачык сөз”

Последние новости