www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 21-октябрга карата Кыргызстанда дагы 549 адамдан коронавирус жана пневмония оорусу аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 125, Ош шаарынан – 37, Чүй облусунан – 53, Ош облусунан – 82, Нарын облусунан – 4, Талас облусунан – 10, Ысык-Көл облусунан – 24, Жалал-Абад облусунан – 117, Баткен облусунан – 97 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 53 459га жетти.
Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус жана пневмониядан айыккан 305 бейтап ооруканадан чыгарылды, алардын жалпы саны 46 444кө жетти.
Өткөн суткада коронавирус инфекциясынан каза болгондордун жаңы 5 учуру катталып жалпысынан каза болгондордун саны 1118ге жетти.
Булак: NazarNews.kg