www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башкы порокурор Өткүрбек Жамшитов 30-майда Жогорку Кеңеште отчет берди. Тилекке каршы, башкы прокурордун атына заты жарашпай, өткүр эмес, мокок экенин көрсөттү. Депутаттардын дээрлик баарынын суроосуна конкреттүү, так жооп бере алган жок. Карап жатабыз, иликтеп жатабыз, тергелип жатат, кат жүзүндө жооп берейин, менде андай маалымат жок экен деген сыяктуу жооптор менен чектелди.
Таптакыр жооп бере албай, бозала болгон учуру дагы болду.
Маселен, депутат Дастан Бекешев башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдон Кыргызстанда канча Уюшкан кылмыштуу топ (УКТ) катталгандыгын сурап, «Камчы Көлбаев да УКТ мүчөсүбү» деген суроону кабыргасынан койду. Баш прокурор «Чындыгында эле Камчы Көлбаев УКТга кирет» – деп жооп кайтарды. Депутат: «Андай болсо эмне үчүн Камчы Колбаев эркиндикте жүрөт? Бул туура эмес да» – деп нааразы болду. Ал эми депутаттын бул суроосуна баш прокурор жооп айта алган жок.
Булак: “Фабула”