www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткүрбек мырза алыс чуркабай калды...

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов президенттик аппарат жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиевдин көрсөтмөсү менен иш кылып калганы коомдо кызуу кеп болуп жатат. Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабай турганын эске алганда, мындай суук кептер жөн жеринен айтылбаса керек.

Президент калк айтса калп айтпай турганына маани берип, кесепети терс болчу ишти алдын-алышы керек го. Коррупцияга каршы шектүүлөргө кылмыш ишин козгоо же козгобоо Салиевдин кабинетинде чечилип жатат деген сөздөрдүн чыгышынын өзү эле эл арасында жипкирүү пайда кылат.

Ойлончу маселе го. Өткүрбек мырза өткүр эмес эле мококтугун көргөзүп койгондой. Мындай темп менен алыс чуркабай калды көрүнөт.

Булак: "Ачык саясат"

Последние новости