www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокурор кезинде Өткүрбек Жамшитов өзүн байбачадай сезип, эс алууга өзгөчө көңүл бурганын билгендер саймедирешет. Ал сауналарда тайраңдап, «кычкыл суудан» ачырканбай ичип, көңүл көтөрчү тура. Майрамдык шаңдар «керме каштарсыз» болчу беле?

Көрсө, бул өлүмүш мурдагы башкы прокурорлорду туурачу экен. Каада күтүп. А иш жагына келгенде, президенттик аппаратгын тапшырмасын кынтыксыз аткарып, өзүнүн көз карашы, демилгеси болбогонун ачык көрсөттү эй! Орун басарлары болсо олуттуу маселелерди чечип, ошолордун аркасы менен айыбы жабылып келгенби? Кой-Таш окуясында мыйзамды көзөмөлдөбөй, саясий буйрукту аткарганы үчүн жооп берчү күнү келеби?

Айрым билермандар Жамшитовду «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча айыптаса болорун билдиришсе, канчасы чын же калпын күч органдары изилдешеби? Ток этери, Өткүрбекке окшогон өтүмү жок, татыксыздар да башкы прокурор катары тарыхта калды. Бул тууралуу Азия Ньюс гезити жазды.

Белгилей кетсек, Өткүрбек Джамшитов 2018-жылдын 26-апрелинде ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков тапрабынан Башкы прокурор болуп дайындалган. Ал эми 2020-жылдын 21-октябрь айында кызматынан бошотулган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости