www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түрмөнүн хатасы. Бир нарда төрт адам жатышат. Ортодо экс-президент Алмазбек Атамбаев. Анын бир капталында Атамбаевдин өкмөт башчысы Сапар Исаков менен Бишкек мэри Албек Ибраимов, бир капталында анын президенттик аппаратын жетектеген Фарид Ниязов жатат. Ортодо жаткан Атамбаев: «Ысып кеттим, кеткилечи ары» -дейт. Анын капталында жаткан Сапар Исаков менен Албек Ибраимов ордуларынан турушуп, ошол замат көздөн кайым болушат. Бир кезде Атамбаев: «Үшүп кеттим, бирөөңөр келгиче» -дейт. Караса эле бир капталында Атамбаевдин УКМКсынын тейлеген Абдил Сегизбаев жатат имиш.
Биринчи май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти кароону улантты. Андагы башкы айыпталуучу, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгарууну адвокаттары Сергей Слесарев менен Замир Жоошев өтүндү. Сот аны канааттандырган жок. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту билдирүү таратты.Сот бул иш боюнча 2020-жылдын июнь айында Атамбаевди 11 жыл 12 айга кескен. 30-ноябрда Жогорку сот ишти кайра кароого жөнөткөн.
Атамбаев ушул тапта Бишкектеги №47 колонияда отурат. Ал сот прецессине барган жок. Ошондой эле айыпталуучу гематолог-дарыгер Абдухалим Раимжанов да барбагандыктан соттук отурум 3-февралга жылды.
Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев саламаттыгынан улам мындан мурунку соттук отурумдарга да катышкан эмес. Анын жактоочусу Замир Жоошев мурдагы президенттин омурткасынан эки грыжа табылгандыктан, көпкө чейин отура албай турганын, ошондой эле, жүрөк жана башка оорулардан жабыркап жатканын айтып, соттон Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнгөн.
Эскерте кетсек, Атамбаевге карата козголгон бир нече кылмыш иши ноябрдан бери Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бириктирилип каралууда. Алар - Кой-Таш окуясы, Кой-Таштагы жер тилкеси, Бишкек ЖЭБиндеги жемкорлук, «Терек» сурма кениндеги коррупция боюнча кылмыш иштери.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg