www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитети КР Презинденти тарабынан КР Башкы прокурорлугуна сунушталган Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин жактырды. Аны комитет мүчөлөрү менен Президенттин Жогорку Кеӊештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев тааныштырды.

Депутаттар башкы прокурорлукка дайындалып калса, өз милдетине жоопкерчилик менен карап, өлкөдө мыйзамдуулуктун сакталына көзөмөлдү күчөтүү, кылмыштуулукка каршы күрөшүү чараларын жакшыртуу жаатында кыргыз парламенти менен биргелешип алпарууга тийиш экенин белгилешти. Ал эми кадр тандоо маселесинде алардын адистик деӊгээлине өзгөчө көӊүл бурууга чакырды.

Жыйындындын жүрүшүндө депутат Зарылбек Рысалиев, Өткүрбек Жамшитовго:

--Аскердик чиниңиз ким?-деп сурады.

Өткүрбек Жамшитов:

-Лейтенант, деп жооп берди. 

Депутат, З.Рысалиев, Руслан Умаров деген полковник болгон. Анын үй-бүлөөсүнө чейин кол салды. Полковниктерге үй-бүлөсүнө кол салып, өлтүрө берсе болобу? - деген суроону узатты. Андан сырткары 2010-жылдагы жоголгон вексель боюнча үн катты. 

Белгилей кетсек, Өткүрбек Жамшитов Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында туулган. 42 жашта. Жогорку билимдүү. 1996-жылы Улуттук университеттин юридика факультетин «юриспруденция» адистиги боюнча бүтүргөн. Ал буга чейин Жалал-Абад облусунун прокурору болуп турган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости