www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2010-жылдын 10-апрель окуясынын негиздөөчүсү Роза Отунбаева эл аралык дипломатияны билбейт. Бул тууралуу Фейсбуктагы ТРИБУНА баракчасы жазып чыкты. Төмөндө тексти окурмандарга толугу менен сунуштайбыз: 

"Роза Отунбаева апчебиз кээде туруп эле акылман айымдай боло калат. Кыргыздын улуттук кийимдерин аздектеп кийип, ата-бабалардын наркын сактагандай түр жаратат. Анан эле жыпжылаңач музейде көргөзмө уюштурган кыздардын жоругун искусство деп чыгып, кыргыздын каада-салт, нарк-насилинин уруп ойнобой турганын көрсөткөн. Эми ошол апчебиз президент Сооронбай Жээнбековдун Белоруссияда 9-августта өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Александр Лукашенкону куттуктаганын сындап чыгыптыр. Мындай сыны менен ал «качкын президент Бакиевди ушул Лукашенко колтугуна корголоп жүрбөйбү, анан ошону куттуктаганга болобу?» деген ойду кыйытып жатканы түшүнүктүү. «Мен муну биздин революцияга түкүргөндөй эле кабыл алдым. 2010-жылы болгон окуяга чыккынчылык кадам катары баалайт элем. 2010-жылы эмне болгонун ушундай деңгээлге чейин унутушту», - дептир ал.

Биринчиден, ошол 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Бакиевдерди өлкөдөн чыгарып жиберген ким эле? Дал ушул Роза Отунбаева өзү эмес беле. «Бакиевдерди чыгарып жибербесем, анда жаңжал катуу болуп кетмек» деген кыязда өзү мойнуна алып сүйлөгөн видеосу дагы деле интернет айдыңында жүрөт. Эгерде ал Бакиевдердин жоопкерчилигин тартышын кааласа, анда ошол убакта эле аларды качырбай кылмыш жоопкерчилигине тарттырса болмок. Себеби, ал убакта бардык бийлик Отунбаеванын колунда болчу.
Экинчиден, эл аралык дипломатия деген бар. Бакиевдер үчүн эле мамлекеттер аралык мамилени биротоло бузуп коюуга жол берилбеши керек. Лукашенкону жеңиши менен С. Жээнбековго чейин Кытай, Россия, Казакстандын президенттери куттуктаган. Бул жөн гана дипломатиялык мамиле. Анын үстүнө Кыргызстан ЕАЭСтин мүчөсү. Анда Белоруссия да бар. Демек, мамлекеттер ортосунда тыгыз кызматташтык болушу керек. Жок дегенде мына ушуну Отунбаева түшүнүшү керек болчу. Өзү да дипломат экенин эске алганда, мамлекеттер ортосундагы мамиле кандай болушу керектигин эң сонун билмек. Билип турса да атайылап бузукулук кылып жатканы анын кайсы бир күчтөрдүн колунда курал болуп жатканынан кабар берет", - деп жазат Трибуна тайпасы.

Чындыгын алып караганда Роза Отунбаева 2010-жылдагы канчалаган өлүм үчүн качан жооп берет?-деген суроо жаралат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости