www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин саясат да, жашоо образыбызда өтө кызык. Бир акын аялы менен ажырашат, анан башкага үйлөнөт. Аны менен да ажырашып, кайра башкасын алат. Убакыт өткөн соң аны менен да ажырашып туруп, кайра мурунку биринчи аялын алат. Анда досу “Бир  чаласы калгансып, бир алганын эки алган”,-деп шакабалаган экен.  Мына кудум ушу окуя сыяктуу эле көрүнүш. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков дегенибиз 2016-жылы да так ушул кызматты аркалаган. Бирок, кыйраткан эмес. Ал жерден кеткен соң Коопсуздук кеңешинин катчысы, андан соң пре­зиденттин  кеңешчиси болду. Бул жерден деле эч нерсе кыйратпады. Эми болсо вицеликте бүтүрө албай калган бир нерсеси бардан бетер кайра келди. Келип алып эле «күч органдары тармагын реформалайм» -деп билегин түрө киришип жатканын эшиттик. Кантип, кайсыл тармагын, кандай багытта реформалаарын өзү түшүнөт болду бекен? Айлыгы ба­тинке алганга ашпаган милицияны, формасы сүзүлүп, тытылып, эскирип бүткөн армияны, саясый өңүттөгү фронттон башы чыкпай, ар кимди аңдуудан башка менен алектенбей калган улуттук коопсуздук кызматын, курал сатуу менен курсак тойгузуудан башкага ба­шы оорубаган чек ара тармагын эбак реформалаш керек болчу. Бирок, Разаков мындан эки жыл мурда ушуну ишке ашырса анан айтканына ишенмек элек. Отузунда орок оро албаган кыркында кылыч чаба албайт, Жеңиш Мырза

Булак:De-Факто

Последние новости