www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ала-Бука районунун Өрүктү айылында жайгашкан Иштамберди кенинде өз алдынча алтын кенин казган жумушчулар сурак берүүдө.
Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы “Азаттык” радиосуна билдирди.
Маалыматка караганда,“Фулд Голд Майнинг” алтын казуучу фирмасынын жетекчилиги райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган.
Анда Иштамберди кенинин “Горный” деп аталган шахтасына 20-февраль түнү Чаткалдын Кызыл-Токой айылынын элүүгө чамалуу тургуну келип, өзүмбилемдик менен кен казышканын билдирген.
Бул багытта Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмү жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү ишин жүргүзүп, шахтага баргандардын автоунаалары атайын жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Кенди милиция кызматкерлери кайтарып турат.
Иштамберди алтын кенин кытайлык инвесторлорго таандык “Фулд Голд Майнинг” фирмасы иштетет жана анда 400гө чукул адам иштейт.
Булак: NazarNews.kg