www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Өз элинде эмес өзгө элде бааланган Кыргыз маданияты

Кыргызстандын Япониядагы элчилигинде кыргыз тарыхынын жана маданиятынын кечеси өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Япониянын маданият, адамдык өнүгүү жаатындагы жана бизнес чөйрөсүндө иштеген ар кандай ассоциацияларынын жана ишканалардын өкүлдөрү катышты.

Кыргызстандын Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев кыргыз элинин байыркы жана бай маданиятын, анын каада-салтын жана үрп-адатын белгилеп, иш-чаранын катышуучуларына кыргыз элинин тарыхына жана маданиятына кызыгып, эки өлкөнүн маданий кызматташтыгын чыңдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Иш-чаранын конокторуна кыргыз элинин тарыхы жана маданияты боюнча презентациялар, ошондой эле Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Япон делегациясынын катышуусу жөнүндө видеотасмалар көрсөтүлдү.

Маданий кеченин экинчи бөлүгүндө конокторго кыргыз элинин улуттук музыкалык аспаптары менен таанышуу мүмкүнчүлүгү берилди. Ошондой эле, комуз жана ооз комуздагы элдик чыгармалар тартууланды.

Кече кыргыз элинин кол өнөрчүлүгү жана бал көргөзмөсү менен аяктады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости