www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Араван районунун 2000-жылы туулган К.Ү. аттуу тургуну кечээ, 12-август күнү таңкы саат 4:30 чамасында өзү жашаган үйдө асынып турган жерден табылды деп жазат Турмуш.

Анын жанынан «Ата, апа, мени кечиргиле. Мен силердин үмүтүңөрдү актай алган жокмун. Чыныгы дүйнөдө көрүшөбүз» деп жазылган кат табылган.

Бул фактыны Ош ОИИБден тастыкташты. Алдын ала маалыматтар боюнча, маркумдун атасы Россияда эмгектенет. Ал эми апасы медайым. Жакындарынын көрсөтмөсү боюнча, буга чейин үйдө ызы-чуу чыккан эмес.

Ал эми жергиликтүүлөрдүн айтымында, маркум ушул жылы мектепти артыкчылк аттестат менен аяктаган. Аны үлгүлүү жашаган үй-бүлөнүн уулу катары таанышчу. Ал эми денесинен күч колдонулган белгилер табылган эмес.

Ата-энеси баласынын денесине соттук-медициналык эскпертиза жүргүзүүдөн баш тартышкан. Учурда териштирүү, тактоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости