www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбек аткаминерлери Сохто чыр чыгарган өзбекстандыктарды: “Чек араны жаап койобуз, чуулгандуу кыштакты карта бетинен чийип салабыз, Сохту талаада калтырып, башка эч нерсе менен камсыз кылбайбыз” -дешип коркута баштады. Чек араны жаап коюшса Кыргызстанда анклав болуп турган Сох отуруп берери бышык. Негизи  кыргыз-өзбек чек арасындагы акыркы чатактан кийинки эки тараптуу жолугушууда Өзбекстан күн тартибине үч маселени койду:

Биринчи, Риштан районундагы "Кайтпас" постун ачып берүү боюнча. "Кайтпас" посту боюнча Биринчи вице–премьер Боронов турган кыргыз бийлиги "Бүгүн-эртең ачып беребиз" дешпей өз позициясын билдирди. Бул маселени Өзбекстан менен чогуу иштеп, эки өлкөнүн комиссияларынын алкагында каралат. Андан тышкары Кыргызстан Орусия, Беларус, Казакстан, Армения мамлекеттери кирген Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү,  ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин Бажы боюнча тиешелүу мыйзамдары бар.

Экинчи,жайыттар боюнча эки облустун–Баткен жана Өзбекстандын Фергана облустарынын жетекчилерине тапшырма берилди. Алар маселени талдап, сунуш беришсе карап берели деген жооп айттык. Алар макул болушту.

Үчүнчү, Токтогул суу сактагычынан же Сырдарыядан сугат мезгилинде суу алуу боюнча маселе айтылды. Кыргыз бийлиги суу боюнча да мүмкүнчүлүккө жараша карап көрөлү дешти.

Биринчи вице-премьер  Боронов ошол эле учурда Кыргызстан Өзбекстанга карата эки маселе көтөргөнүн билдирди:

Биринчи, буга чейинки өкмөт аралык комиссиялардын ишин тездетүү. Буга макул болушту.

Экинчи, Сох районунун тегерегиндеги Кыргызстандын эки айылына суу чыкпай калган экен. Маселе жеринен чечилип, биздин айылдарга суу берилди. Чырдын башы болгон Чечме-Булак суусун коңшу тарап өздөрүнө буруп алган экен. Ал мурдагы абалына келтирилди.

Ушундай келишимдерден соң, эки тарап ортого ортомчу салышпай, бул маселеге чекит коюшмай болушкан. Сохтогу кээ бир өзбек жарандарынын тентектиги жаңжалды улантууга себеп болот. Ошондуктан, азыркы убакта бул жерде тынчтык керек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости