www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеров менен чек ара маселеси боюнча пикир алыштык

--Табылды мырза, орустардын чек ара маеслесине жардам берели деген сунушу колдоо тапкан жок. Ал тармакка тыңыраак кадр даярдалса эле, маселе чечилет деп үмүт кылсак болобу?

--Чек ара маселеси татаал маселелердин бири. Аны тиги чечет, бул чечет деп эч ким  айта албайт. Бул маселени чечүү бекилип жаткан кадрдын дареметине байланыштуу болушу мүмкүн. Мыкты кадр болсо, чек арада проблема болбошу мүмкүн.

Бирок, бизде чек ара проблемасы көпчүлүк учурда саясий негизде жаралып жатат.

Наркобарондордун, алар менен кызматташкан мамчиновниктердин, депутаттардын кызыкчылыгында чек ара проблемалары жаралып жатышы да ыктымал. Мисалы, айрым депутаттардын бир да бизнеси жок. Бирок, алар кайта-кайта депутат болуп келип жатышат. Акчаны, байлыкты кайдан алып жатканын эч ким айта албайт. Бирок, күмөн саноону жаратат.

--Чек ара маселеси чыңалуу чегине жетип калдыбы же айрым жагдайлар күндөн-күнгө курчуп баратабы?

--Негизи чек ара маселеси парламенттик шайлоо алдында өтө курчуйт. Анткени, чек ара маселеси улуттар аралык жаңжалдан кийинки орчундуу  маселелерге кирет.

Саясатчылар өздөрүнүн  рейтингин көтөрүү үчүн, кээде коңшу өлкөлөрдөгү өнөктөштөрү менен сүйлөшүп алып, чек арада проблема жарата беришет. Анан катуу билдирүүлөрдү жасашып, өз рейтингдерин көтөрүшөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости