www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Суусамыр айылында эки унаанын айдоочулары жылкыларды сүзүп, андан кийин өз ара кагышкан. Бул тууралуу видеотасмалар интернет желелеринде тарады.

Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын кызматкерлери аталган маалыматты тастыкташып, кырсык кечээ түндө болжол менен саат 10дордо Бишкек-Ош унаа жолунун 186-чакырымында болгону такталганын кабарлашты.

"Хонда Одиссей унаасынын айдоочусу Бишкекке, ал эми Mazda 6 унаасынын айдоочусу түштүктү көздөй бараткан. Күбөлөрдүн айтымында, алар аттарды коюп кетип, андан соң бири-бири менен кагышкан. Мазда унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү ар кандай жаракаттар менен ооруканага жаткырылган ", - деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факт КЖБРге катталып, териштирүү иштери жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости