www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Нью-Йорк шаарынын мэри нааразычылык акциясына катышкан бардык жарандарга кайрылып, коронавируска тест тапшырууга чакырды. Бул тууралуу шаар мэри Билл де Блазио жыйында билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Мэрдин айтымында, илдетти жуктуруу тобокелчилиги өзгөрүүсүз бойдон калууда. Массалык топтолуулардан улам инфекцияны жуктуруп алгандар көбөйүшү толук мүмкүн. Андыктан жарандарды социалдык аралыкты сактап, медициналык бет кап тагынып жүрүүгө жана 25-майдан бери өтүп жаткан нааразычылык акциясына чыккан болсо, тест тапшыруусуна чакырам деген мэр.

АКШдагы нааразычылык акциясы 25-майда Миннесота штатындагы Миннеаполис шаарындагы полиция тарабынан кармалган 46 жаштагы теги африкалык Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин башталган. Флойдду кармаган полиция кызматкери Дерек Човин кыйноо жолу менен аны өлтүрүп койгон. 29-майда полиция кызматкери адам өлтүргөн деген айып менен камакка алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости