www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын жаранына ок чыгарышкан,-деп билдирет Мамлекеттик чек ара кызматынын (МЧК) басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 7-апрелде Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Мамай аймагында Өзбекстандын аскер кызматкерлери КР жараны – Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Курулуш айлынын жашоочусу, 1984-жылы туулган Ф.М., карата ок чыгарышкан.
КР МЧКнын маалыматы боюнча, кыргызстандык жаран КРдин аймагында болгон жана Мамай (КР) калктуу конушуна бара жаткан.
Алган жаракаттан улам Ф.М., Кербен шаарындагы ооруканадан каза тапкан.
Аталган факты боюнча иликтөө башталды, учурда окуя болгон жерде МЧКнын тиешелүү кызматкерлери жана укук коргоо органдары иштеп жатышат.
Учурда Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызмат өкүлдөрү окуянын чоо-жайын билүү үчүн жолугушууларды өткөрүшүүдө.
Булак: Кабар