www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын парламенти өлкөдө жамандык-жакшылыктарды өткөрүүнү жол-жобосун иштеп чыкты. Бул парламенттин эки палатасынын тең депутаттарынын сынынан өткөн. Устав аш-тойлорго кеткен чыгымды жана убакытты үнөмдөйт.

Мисалга, той болордон бир жума мурун маала комитетине кабарланышы керек жана той бир гана күн өтөөрү уставда жазылган. 200гө чейин конок чакырылышы жана той түнкү 11ден кечикпей бүтүшү шарт. Кортежде 3 машинадан көп болбошу керек. Айрым учурларда гана коноктордун саны 250-300гө чейин жетиши мүмкүн. Тойдо куда чакыруу, сеп берүү деген сыяктуу кошумча салттар болбошу керек.

Ушул сыяктуу эле чектөөлөр маркум узатууга да кирген. Ага ылайык маркумду жерге берүү жөрөлгөсү 3 күндөн ашпоосу керек жана келген элге тамак берүүгө да болбойт. Ошондой эле, үчүлүк, жетилик, кырктык, жылдык дегендерди да өткөрүүгө тыюу салынат.

Кыргызстанда деле ашыкча ысырапкорчулук кыскартуу боюнча кептер коомчулукта айтылып эле келет, бирок ишке аша элек. Мүмкүн бизде деле ычырапкорлукту кыскартууну мыйзам аркылуу бекемдеп койсо, кредит алып той өткөрүү дегендер жок болуп калат беле...

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости