www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Тажиктер курулуш материалдарын ташып келе башташты”, -деп билдирди бизге Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов.
Анын айтканына караганда, учурда Лейлекте кырдаал тынч. Нааразычылык билдирип чыккан жергиликтүү калк тарап кетишкен. Учурда жергиликтүү бийлик жана эл өкүлдөрү абалга көз салып турушат. 
Мындан мурдаарак белгилүү болгондой, тажик чек арачылары Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) аймагында кыргыз тарап менен макулдашылбаган курулуш иштерин жүргүзүп башташкан. Мындан улам нааразы болгон жергиликтүүлөр чогулган болчу. 
Маселени тактоо боюнча эки тараптын чек ара башчылары сүйлөшүп жаткандыгы айтылган. Анткен менен Кулунду айылдык кеңешинин депутаты Бакытбек Кулматов бизге берген маалыматтарына таянсак, Тажикстандын чек арачылары азырынча, бир пикирге келүү жагын көңүлгө алышпагандай. 
Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости