www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан менен Ооганстандын чек арасында болгон ок атышуудан өзбекстандык чек арачы окко учту.

Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Намангандагы сапары учурунда айтты. «Нигох» телеграм-каналынын маалыматына караганда, атышуу 26-сентябрда Ооганстандагы баңгизат соодагери Өзбекстан аймагына өтүүгө аракет кылганда болгон.

«Кечээ биздин мамлекеттик чек араны белгилүү ооганстандык баңгизат соодагери бузуп кирүүгө аракет кылды. Зарыл болгон шартта биз чек арабызды курал менен кайтарабыз. Биздин аскерлердин бири баатырларча курман болду. Ал Намангандын кулуну эле», - деди Мирзиёев.

Ооганстанда августтун ортосунда «Талибан»* кыймылы бийликти басып алгандан бери өлкөдө баңгизат соодасы эркин жүрүп жатканы айтылууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости