www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Талибан»* кыймылы коопсуздук келишим боюнча берген антын аткарган жок», - деди бүгүн, 28-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине Теорроризмге каршы күрөшүү боюнча ардагерлер коомунун төрагасы Артур Медетбеков.

- Улуттук коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков баштаган делегация Кабулда «Талибан»* өкмөтүнүн милдетин аткаруучу жетекчилери менен жолукту. Сиздин оюңузча бул туура кадам болдубу?

Биринчиден, азыркы учурда Ооганстандагы кырдал бүткүл дүйнө жүзүн тынсыздандырып турган кези. Экинчиден, Орто Азиядагы эң татаал окуялардын бири бул - Ооганстанда орун алды. Жан кечти, тероррчулар Ооганстандын мыйзамдуу бийлигин талкалап, басып алышты. «Талибан»* кыймылы бүт дүйнө жүзүнө таанымал ошондой эле, БУУнын чечими менен ал тероррдук уюм деп табылып, Кыргызстанда тыюу салынган.

Бирок, акыркы учурларда кээ бир саясатчылар, кээ бир мамлекеттин кызыкчылыгы деп душман, тероррист экенине карабай, алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө шар түзүп жатканы бизге белгилүү. «Талибан»* кыймылы бийликке келе электе эле биздин стратегиялык өнөктөштөр менен сүйлөшүп, Борбор Азияда коопсуздук мамилелерин түзгөнгө аракет кылышкан.

Бирок, бүгүнкү күндө алар берген анттарын аткарбай, бийликке келгенден кийин орто кылымдагы феодалдык динди жамынган, өзүнчө бир улуттан турган мамлкеттик бийликти куруп жатат (Талибандардын негизги улуту – Пуштулдар болуп эсептелинет). Анткен менен Ооганстан көп улуттуу мамлекет болуп саналат. Анын арасында кыргыз (3000ге жетпеген) тажик (46%) өзбек жана ошондой эле хазариттер да бар.

Биздин бийлик башындагылар мамлкет тарабынан Ооганстанга барып, Таалатбек Масадыковдун гумжардам жеткиргени кайрымдуулуктун бир белгиси гана болушу мүмүкүн. Албетте буга чейин БАЭ, ошол эле Өзбекстан жана башка өлкөлөр жардам көрсөтүп келишкен. Бирок, бир да жогорку деңгээлдеги жетекчилер биринчи кадамды таштап, өз ара келишимге баруу аракеттерин жасаган эмес.

Менин пикиримде, Т. Масадыковдун Кабулга барганын пайдасы – Кыргызстандын Орто Азия регионунда аброю көтөрүлдү. Экинчиден, ал өзүнө саясий упай топтоду.

Кыргыз Республикасынын мыйзамында айтылган: ар кандай терорристик уюмдарга каршы күрөшүүдө алар менен эч кандай мамиле түзбөш керек. Жада калса, ШКУ менен ЖККУ да да бул эреже так жазылган. Тилекке каршы, акыркы убактарда бул эреже иштебей калды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости