www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир кездери Өзбекстанда таанымал ырчы саналган, соңку жылдары Түркиядан башпаанек тапкан Абдулазиз Каримдин үстүнөн козголгон кылмыш иши токтотулду. Анын ысымы издөөгө алынган кишилердин тизмесинен да алынды.

Бул тууралуу 45 жаштагы ырчы өзү билдирип, 24-августта "Фейсбук" аркылуу президент Шавкат Мирзиёевге рахмат айтты. Ал кылмыш ишинин токтотулушу мамлекет башчынын демилгеси экенин, милиция кызматкерлери Ташкенттеги бир туугандарына расмий кабар бергенин белгиледи.

- Эми мен тыюу салынган ырчылардын катарында эмесмин. Жаңы чыгармаларды жазып, силерге сүйүнтөм. Жашасын демократия!, - деди ал. Бирок расмий органдар бул боюнча маалымат таратыша элек.

Абдулазиз Каримдин үстүнөн "чет элге мыйзамсыз чыгып кетти" деп кылмыш иши ачылган.

Ырчы жана обончу Абдулазиз Карим 2003-жылы "Эмгек сиңирген артист" наамын алган. Оппозиционер Мухаммед Салих жазган ырга күү жаратканы жана Түркиядан жарандык алганы үчүн 2016-жылы бардык мамлекеттик сыйлыктардан ажыратылган. Ал кездеги өкмөт башчы Шавкат Мирзиёев аны "мекендин саткыны" деп атаган болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости