www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан бүгүн эмне үчүн 13 кыргыз жаранын кармап кетти?

Кадамжай районунун Өзбекстан менен чектеш Чекелик айылынын чек арага жакын жеринен Кыргызстандын 13 жаранын Өзбекстандын чек арачылары кармап кеткендиги боюнча маалымат тараган. Алар кыргыз- өзбек чек ара кызматы сүйлөшүү жүргүзүлгөндөн кийин Кыргызстанга өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу NazarNews.kgге Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

 “Окуя бүгүн 19-февралда болуп, анда Талас облусунан дааватка эки машине менен келген жарандарды эртең менен Өзбекстандын чек арачылары кармап кетишкендигинин себеби аталган 13 жаран чек ара эрежесин бузушкан. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында алар коё берилди”,-деп билдирди кыргыз чек ара кызматы.

Эске сала кетсек, Чекелик Өзбекстандын Фергана облусу менен чектешет жана чек аралары такталган айылдардын катарына кирет. Айыл тургундары буга чейин чек араны тактоодо жол кошуна өлкөнүн аймагына өтүп кеткенин, Кыргызстандын чек арадагы бул айылына жакын аймакка Өзбекстан ок атып машыгуучу аскердик жай куруп алганын айтып даттанып келишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости