www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан ГЭС куруу үчүн Франциядан насыяга акча алат

Өзбекстан Энергетика министрлиги билдиргендей, 5-августта Француз өнүгүү агенттиги менен 55,8 миллион евролук насыя келишимине кол коюлду.

Насыя 20 жылдык мөөнөткө берилет. Анын ичинен 46,5 млн евро Анжиян облусундагы Пайтак кичи ГЭСин жана Түштүк Фергана каналындагы 1А менен 2А ГЭСин курууга жумшалат.

Расмий маалыматка караганда, алардын жалпы наркы 52,5 млн еврону түзөт. Болжол менен алар 2023-жылы ишке берилет.

Инвестициялык долбоорлордун алкагында 11,1 млн еврого курулуш-монтаждоо иштери жүрөт. Мындан тышкары 26,9 млн еврого технологиялык жабдуулар сатылып алынат.

Кредиттик каражаттардын калган 9,3 миллиону Чарвак ГЭСинин коопсуздук иштерин жогорулатуу долбооруна жумшалат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости