www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маалыматка ылайык, мындан тышкары фонддун эсебинен Санитардык-эпидемиологиялык агенттикке 22,3 миллион доллар, коомдук жайларды дезинфекциялоого, карантиндик борбордун кызматкерлерине айлык төлөөгө жана дарыгерлерге кошумча маяна берүүгө 9 миллион доллар бөлүнгөн. 12 миллион доллардан ашык каражатка тест-системалар, реагенттер жана башка коргонуу каражаттары сатылып алынган.
Ошондой эле антикризистик фонддон социалдык тармакка, анын ичинде жумушсуз жарандарды убактылуу иштерге тартууга 5 миллион доллар, муктаж үй-бүлөлөрдү колдоого 3 миллион доллар, социалдык жөлөк пулдарды төлөөгө 2,5 миллион доллар бөлүнгөн.
15-апрелге карата антикризистик фондго жалпысынан 158 миллион доллар топтолду. Бул сумманын 98,8 миллион доллары эл аралык каржы институттарынан алынган насыяларды түзсө, калганы мамлекеттик бюджеттин эсебинен толукталган.
Булак: NazarNews.kg