www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан менен Европа биримдиги (ЕБ) Ооганстанга гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн Термез шаарында хаб түзүүнү пландап жатышат. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 15-ноябрда Өзбекстан президентинин жана ЕБдин Ооганстан боюнча атайын өкүлдөрү — Исматулла Иргашев менен Томас Никлассон Брюссель шаарында жолугуп, ооган маселесин талкуулады.

"Никлассон Ооганстандан ЕБге мүчө өлкөлөрдүн жарандарын эвакуациялоо ишиндеги Өзбекстандын көмөгүн жогору баалап, мындан ары да Ооганстанда тынчтыкты жана туруктуулукту орнотууда активдүү кызматташууга кызыкдар экенин билдирди", — деп жазылган министрлик тараткан маалыматта.

Мындан тышкары тараптар Ооганстандагы жаңы бийлик жана бул өлкөдө гуманитардык кризиске жол бербөө боюнча бирдиктүү эл аралык позицияны иштеп чыгуу тууралуу да пикир алмашышты.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Ооганстанга Өзбекстан аркылуу гуманитардык жардам жеткирүү чечимин кабыл алганы кабарланган.

Быйыл октябрда Termez Cargo Centre логистикалык борбору БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын Ооганстанга жөнөтүлгөн 100 тоннадан ашык гуманитардык жардамын кабыл алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости