www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан менен Түркмөнстан Кыргызстанга электр энергиясын берүүнү токтотту. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.

Анын айтымында, коңшу өлкөлөрдө да электр энергиясы боюнча көйгөйлөр бар.

“Бүгүн импорт токтотулду, өзүбүздүн муун менен иштеп жатабыз. Өзбекстанда линия авария болуп, чаңдуу бороондон кийин ТЭЦтерде оңдоо иштери жүрүп жатат. Транзит токтотулду. Түркмөнстандан электр энергиясы 1-августтан тарта импорттолот, бирок учурда авариядан улам убактылуу кыйынчылыктар жаралууда. Бир-эки күндүн ичинде маселе чечилет”, – деди Энергетика министрлигинин башчысы.

Ооба, көйгөйлөр көп, биз аларды жашырбай, жылытуу мезгилинен чыгуу чараларын көрүп жатабыз. Андыктан калктан электр энергиясын үнөмдөөнү суранабыз. Бул техникалык маселелер, аларды саясатташтыруунун кереги жок. Калмурзаев түзүлгөн кырдаал боюнча Өзбекстанга учуп барарын кошумчалады. Ошол эле учурда ал министрлик энергияны үзгүлтүксүз берүүгө даяр экенине ишендирди. «Биз күтүлбөгөн жагдайларды иштеп чыктык, ар бир маселени чечүүнүн 3-4 варианты бар», – деди министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости