www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан Кабул менен макулдашууга жетише албай, Ооганстанга электр энергиясынын экспортун 60 пайызга азайтты. Бул тууралуу Ооганстандын Улуттук энергетикалык компаниясынын (DABS) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өзбек тарап бул абалды Талимаржан электр станциясындагы техникалык кыйынчылыктар менен түшүндүрүп, жакынкы 2-3 күндө Ооганстанга азыраак электр энергиясы бериле турганын билдирген.

DABS'нин маалыматына караганда, импорттун азайышы менен Ооганстандын 16 провинциясында электр энергиясы жок болуп, жалпы өлкө боюнча маал-маалы менен жарык өчүрүлүп жатат.

Буга чейин Өзбекстан менен Ооганстан 2020-жылы электр энергиясын жеткирүү боюнча 100 миллион долларлык келишимге кол койгону белгилүү болгон. Мындан тышкары эки өлкөнүн расмий адамдарынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Сурхан-Пули-Хумри электр берүү линиясынын курулушун аяктоо маселеси да талкууланганы кабарланган. Бул курулуш аяктагандан кийин Өзбекстан Ооганстанга сатып жаткан электр энергиянын көлөмү көбөйөт деп күтүлүүдө.

Өткөн жылы октябрда Ооганстандын энергетикалык компаниясы Өзбекстанга, Тажикстанга, Түркмөнстанга жана Иранга электр энергиясы үчүн 51 миллион доллар карыз экени кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости